Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында 2021-жылдын май айында жарандардын кайрылуулары менен жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат

2021-жылы май айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмү тарабынан 1667 жарандын кайрылуулары менен иштер жүргүзүлдү, алардын ичинде:

— жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 932;

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар – 238;

— «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 497 түздү.

Жазуу жүзүндө (электрондук) келген 932 кайрылуунун 915и Президенттин Администрациясына, ал эми калган 17 кайрылуу  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы коомдук кабылдамасына келип түштү.

Президенттин Администрациясына келип түшкөн 915 кайрылуунун ичинен 440ы түзүмдүк бөлүмдөрдүн кароосуна жөнөтүлгөн, ал эми 475и — жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмдүн кароосунда.

Ошондой эле, 915 кайрылуунун 452си (же 49,4%) көзөмөлгө алынды, анын ичинен 50сү аткарылды (11,0%), ал эми 399 жарандын кайрылуулары (43,6%) аткарууда.

Калган 463 (50,6%) кайрылуу тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароосуна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы коомдук кабылдамасына 17 жазуу жүзүндөгү келип түшкөн  кайрылуунун ичинен 4 арыз  маанилүүлүгү жана кароо деңгээлине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлүп, тиешелүүлүгү боюнча каралууда. Калган 13 кайрылуу  коомдук кабылдамада катталуу менен тиешелүүлүгүнө ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга жана укук коргоо ошондой эле башка мамлекеттик органдардын кароосуна  жөнөтүлдү. Анын ичинен  3 арыз каралып чыкты жана кайрылуу ээлерине тиешелүү маанидеги жазуу жүзүндөгү жооптору берилди, калган 10у каралып жаткан арыздар  белгиленген мөөнөттөрү боюнча көзөмөлдө турат.

Бардык 932 кайрылууну региондор боюнча бөлгөндө, эң көп арыздар, дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан – 352 даана (37,8%) келип түштү. Ал эми, Чүй областынан — 159 (17,0%), Ош областынын жана Ош шаарынан жашоочуларынан — 98 (10,5%), Жалал-Абад областынан — 77 (8,2%), Ысык-Көл областынан — 89 (9,5%), Баткен областынан — 69 (7,4%), Нарын областынан – 35 (3,7%), Талас областынан — 29 (3,1%), КМШ жана башка өлкөлөрдөн — 24 (2,6%) жарандын кайрылуулары катталды.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулары тематикасы боюнча негизинен 5 багытта болду:

— соттордун жана укук коргоо органдарынын иштери боюнча —
335 кайрылуу (35,9%);

— турак-жай жана жеке үйлөрдү курууга жер участокторун бөлүштүрүп берүү боюнча — 179 (19,2%);

— социалдык тармак боюнча (материалдык жардам көрсөтүү, ишке жайгаштыруу, пенсия, пособие, билим берүү жана маданият маселелери боюнча –150 (16,1%);

— кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) боюнча — 39 (4,2%) кайрылуу;

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 68 (7,3%).

         Ал эми, калган 161 жарандын кайрылууларында (17,2%) социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

2021-жылдын май айында President.kg расмий веб-сайтына 187 (20,4%) электрондук кайрылуу келип түштү, анын ичинде:

  • Бишкек шаары — 75 40,1%
  • Чуй облусу —          24      12,8%
  • Талас облусу — 4        2,1%
  • Иссык-Көл облусу — 8        4,8%
  • Нарын облусу — 6        3,2%
  • Жалал-Абад облусу — 13      6,9%
  • Ош облусу —          8        4,2%
  • Ош шаары — 12      6,4%
  • Баткен облусу — 14      7,4%
  • КМШ/ ж-а чет мам. — 23 12,2%

Аталган мезгилде Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамалары аркылуу 238 жаран кабыл алынды, анын ичинен Бишкек шаарында — 211 (88,66%), Ош шаарында — 27 (11,4%), ал эми «Ишеним телефондору» аркылуу түшкөн 497 кайрылуу боюнча тиешелүү кеңештер жана түшүндүрмөлөр берилди.