Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коррупциялык тобокелдерди жоюу  боюнча жүргүзгөн иштерин  жактырды

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын коррупциялык тобокелдерди жоюу боюнча Деталдаштырылган пландын экинчи этабынын аткарылышын карап чыкты.

Мониторингдин жыйынтыктары боюнча пландын 15 пунктунан 9 пункту аткарылган  (60,0%), 4 пункту жарым-жартылай аткарылган (26,7%), 1 пункту аткарылган эмес (6,7%), ал эми 1 пункту 3-этапка которулган (6,6%).

Жыйындын жүрүшүндө жумушчу топ коррупциялык тобокелдердин үч багыты боюнча иштин жоктугуна көңүл бурду, алар «Мыйзам чыгаруу иши (салык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү)»; «Салыктарды башкаруу» жана «Салык контракты».

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине мониторингдин жыйынтыгы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен, деталдаштырылган планды ишке ашыруу боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Жыйындын жыйынтыгында жумушчу топ эксперттик топко Мамлекеттик салык кызматы менен бирге өзгөртүүлөрдү эске алуу менен эки жуманын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча деталдаштырылган планынын долбоорун киргизүү сунушталды.

2018-жыл 13-июнь