Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 24-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы кемчиликтерди жана айырмачылыктарды жоюунун негизинде  Жер кодексине жана башка укук ченемдик актыларга шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып жети күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.

2018-жыл 7-июль