Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларынын дүйнө лидерлерине, мамлекет башчыларына, коомдук ишмерлерге, илим, маданият жана искусство адамдарына кайрылуусу

7-октябрда Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары  ишин жыйынтыктап жатып, дүйнөнүн лидерлерине, мамлекеттердин башчыларына, коомдук ишмерлерге, илим, маданият жана искусство адамдарына кайрылуу  кабыл алып, аны толуктап иштеп чыгуу үчүн эл аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Төмөндө толукталып, иштелип чыккан Кайрылуунун текстин жарыялайбыз:

«Өткөн экинчи миң жылдыктын аягынан үчүнчү миң жылдыкка өтүү мезгилинен бизди жети миң күнгө жакын убакыт бөлүп турат. Жаңы миң жылдыктын башы планетадагы жашоону сактоо үчүн күрөш эч качан токтобошу керектигин айгинеледи. Дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө ушул күндөрдө бомбалардын жарылганы, балдардын жана аялдардын ыйы басылбай келет. Биз толук кыйраган шаарларды жана калктуу конуштарды, байыркы маданияттын талкаланган эстеликтерин, диний фанатизмдин ар кандай кылмыштарга даяр болгон алаңгазардыгын көрүүдөбүз. Миллиондогон адамдар тамакка тойбогондуктан жана оорудан азап чегүүдө. Мунун баары океандар, көлдөр жана дарыялар булганып, ошондой эле мөңгүлөр эрип, токойлор кыскарып бараткан шартта болуп жатат. Биз чекке жеттик.

Токтоо керек. Акыл-эсти жыйнап, ой жүгүртүү зарыл. Кыргыз элинин залкар уулу, дүйнөнүн жараны, планетардык масштабдагы ойчул-гуманист Чыңгыз Айтматов ушул идеяны өзүнүн чыгармачылыгында баарына жеткирүү үчүн талыкпастан аракеттенип келгендердин бири.

Биз, Кыргыз Республикасында 2018-жылдын 5-7 октябрында өткөн, дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн илим, маданият жана искусствонун ишмерлерин чогулткан „Чыңгыз Айтматов жана доор чакырыктары“ эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучулары кыргыздын улуу гуманист жазуучусунун идеяларын сактоого жана өнүктүрүүгө умтулуп, анын чыгармачылыгында көтөрүлгөн проблемалар бүгүнкү күндө да актуалдуу экенин жана эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууну талап кылып жатканын таанып, дүйнөлүк лидерлерге, мамлекеттердин башчыларына, коомдук ишмерлерге, чыгармачыл адамдарга кайрылып, бардык күч аракеттерди төмөнкү багыттарга жумшоого чакырабыз:

өлкөлөр, конфессиялар жана маданияттар ортосундагы диалогду колдоо жана проблемаларды күч колдонуп чечүүнү болтурбоо;

масштабы кооптуу чекке жетип калган бири бирин коркутуудан жана күч колдонуп бири бирине каршы туруудан баш тартуу;

экономикалык өзүмчүлдүктү, ксенофобияны жана кодулоонун бардык формаларын жана түрлөрүн жоюу, анткени бул коопсуздуктун таанылган эл аралык институттарын талкалоого, гуманизмдин жана адамгерчиликтин жогорку баалуулуктарынын деградациясына алып келет.

Эл аралык Ысык-Көл форуму башынан эле акыл-эстин чакырыгы, диалог жана пикирлерди эркин алмашуусу катары түзүлгөн. „Чыгармачылык аркылуу жашоо жана бакыт табуу“ — Айтматовдун демилгеси боюнча чакырылган 1986-жылдагы легендарлуу Форумдун катышуучулары тарабынан сунушталган, тирүүлүктө жашоонун формуласы болгон. Бул сөздөр бүгүн да кыйла актуалдуу болуп угулат, анткени алар биздин жалпы тагдырыбыз үчүн чочулоодон улам айтылган.

Ушулардан улам, биз төмөнкүлөрдүн зарылдыгы тууралуу жаңы Ысык-Көл форумунун катышуучуларынын жалпы ынанымын билдиребиз:

— Борбордук Азияда суу пайдалануу көйгөйлөрүнүн актуалдуулугунун өсүп баратканын көңүлгө алып, аймактагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн эске алуу менен туруктуу өнүгүү максатында чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу;

— СССР учурундагы уран калдыктарынын жана калдык сактоочу жайлардын көйгөйлөрүн чечүүнү КМШ өлкөлөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана институттардын жетекчиликги үчүн артыкчылыктуу багыт деп эсептөө;

— Климат боюнча 2015-жылдагы Париж макулдашуусунун жарыяланган жалпы максаттарына жетүү үчүн бардык чараларды көрүү;

— Эл аралык Ысык-Көл форумун диалогдун жана эл аралык комплекстүү гуманитардык программаларды жана БУУнун, КМШнын, ЮНЕСКОнун жана ТҮРКСОЙдун эгидасындагы долбоорлордуишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуучу туруктуу иштеген аянтчага айлантуу;

— Кыргызстандын борборунда Эл аралык Айтматов институтун түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын жана Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнүн демилгесин колдоого алуу;

— Европада Айтматовдун гуманитардык мурасын окуп-үйрөнүү борборун түзүүгө көмөк көрсөтүү.

Адамзатында  тынчтык, акыл эстүүлүк жана мээримдүүлүк болсун, ал өткөндү эске тутуп, унутпасын. Ким келечек тууралуу ойлонсо, ал өткөн мезгилдин катачылыктарын кайталабоого тийиш».

2018-жыл 12-октябрь