Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 147 адам  кабыл алынат (алардын 125 — чоң адамдар жана 22 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

2018-жыл 15-октябрь