Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Төмөндө Жарлыктын толук тексти:
»Соңку жылдары чет өлкөдө иштеген биздин мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптуу колдойт жана Кыргызстандын экономикасына акча салууну каалагандарга бардык зарыл шарттарды түзүп берет.
Өлкөдө жаңы өндүрүштөрдү жана ишканаларды түзүү үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү жана колдонуу максатында өндүрүштүн келечектүү чөйрөлөрүнө мекендештерибизден инвестицияларды тартууга дем берген тиешелүү финансылык механизмдерди иштеп чыгуу керек жана зарыл инфраструктура болууга тийиш.
Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн мамлекет менен чет өлкөдө жашаган мекендештердин ортосундагы конструктивдүү өз ара мамилени түзүүгө, диаспоралардын потенциалын бириктирүүгө бардык тараптар кызыкдар.
Андыктан, Кыргызстан менен тарыхый, маданий, экономикалык, бир туугандык байланыштары бар мекендештер, ошондой эле барган өлкөлөрдөгү диаспоралык уюмдар менен тыгыз диалогду колдогон башкаруу системасы мамлекеттик деңгээлде түзүлдү.
Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын бул багыттагы күч-аракеттерин координациялоону камсыз кылуу максатында токтом кылам:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет».
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин
КУРАМЫ
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | – | Кыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы; |
Омурбекова Алтынай Сейтбековна
| – | Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице — премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;
|
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кеңештинтөрагасынын орун басары;
|
Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич | – | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы, Кеңештин катчысы;
|
Кеңештин мүчөлөрү:
| ||
Касымалиева Аида Камчыбековна | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты; |
Сыдыков Данияр Батырович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
|
Иманалиев Данияр Шаршенбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы;
|
Айдарбеков Чингиз Азаматович | – | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Панкратов Олег Михайлович | – | Кыргыз Республикасынын экономикаминистри; |
Кендирбаева Догдуркул Шаршеевна | – | »Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору;
|
Молдокматов Жениш | – | "Замандаш" коомдук фондунун президенти;
|
Бегиева Джамиляхан Абжашевна | – | »Мекеним Ала-Тоо» коомунун төрагасы, Россия Федерациясы, Москва шаары;
|
Акаев Каныбек Муталиевич | – | »Бакай-Ата» региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Новосибирск шаары;
|
Кубатбеков Турсунбай Сатымбаевич
| – | »Кыргыз биримдиги» региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары;
|
Мырзабеков Эгемберди Биймырзаевич
| – | »Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргызстандыктардын союзу» региондор аралык коомдук уюмунун жетекчиси;
|
Каримов Камчыбек Камбарович
| – | »Киргизия-Урал» Свердлов облустук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Екатеринбург шаары; — |
Осмонбеков Кубанычбек Бекболотович
| – | »Ишкерлердин Эл аралык Ассоциациясы» региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары; — |
Чериков Азизбек Арапбаевич
| – | »Менин Кыргызстаным» Хакас региондук коомдук уюмунун жетекчиси, Россия Федерациясы, Абакан шаары; — |
Батаева Назгуль Жанышбековна
| – | Красноярск шаарынын кыргыздарынын улуттук маданий автономиясынын жетекчиси;
|
Сманова Канзада Нурманбетовна
| – | »Биримдик» региондук коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия Федерациясы, Тюмень шаары; — |
Акматов Толкунбай Усенович
| – | »Ноокат-Каймос» коомдук бирикмесинин жетекчиси, Россия Федерациясы, Москва шаары; — |
Мамаева Октом | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Санкт-Петербургдагы Кыргыз маданий автономиясынын төрагасынын орун басары;
|
Исмаилов Азамат Турдукеевич | – | Кыргыз Республикасынын Украинадагы соода-өнөр жай палатасынын «Бустер трейд» КУ башкы директору, «Кыргызстандын агрардык платформасы» коомдук уюмунун президенти;
|
Сыдыков Алтынбек Тойчубаевич | – | Алматы шаарындагы Замандаш ассоциациясынын өкүлү, Казакстан Республикасы;
|
Шаматов Дуйшон | – | Назарбаев Университетинин Жогорку билим мектебинин ассоциирленген профессору;
|
Аширбеков Жарашбек Абжалбекович | – | ишкер, АДС/Айкидо, Джиу-Джитсу борборунун менеджери, Казакстан Республикасы, Астана шаарынын өзүн-өзү коргонуусу;
|
Абдыкадырова Бурул Абдыкадыровна | – | Ташкент шаарындагы кыргыз маданий борборунун мүчөсү, Өзбекстан Республикасы;
|
Курманбаев Курстанбек Ибраимович | – | Тажикстан Республикасындагы «Мекендеш» улуттук-маданий борборунун төрагасы, Тажикстан Республикасындагы »Хенкель» компаниясынын расмий өкүлү болуп саналат;
|
АкматовТоктобек Маматович | – | Гуанчжоу шаарындагы «Goldmark Group Limited» соода-транспорт компаниясынын негиздөөчүсү, Кытай Эл Республикасы; — |
Калилов Эмиль | – | жеке ишкер, КореяРеспубликасы; — |
Сарыгулов Айбек Жамангулович | – | Түркия Республикасындагы «Кыргызстандын достук жана маданият коому» коомдук фондусунун төрагасы;
|
Такабаев Тимурлан Айдарбекович | – | Анкара шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү, Түркия Республикасы;
|
Ниязалиев Дастан Нарынбекович | – | Мюнхен шаарындагы кыргызстандыктардын «Ордо» коомдук бирикмесинин тең төрагасы, Германия Федерациялык Республикасы, Мюнхен шаарындагы Жогорку прикладдык башкаруу мектебинин экзамен алуу бөлүмүнүн референти;
|
Тоялиева Гульнур | – | »Kyrgyz Club Austria» негиздөөчүсү; |
Жусупова Рахат | – | Кыргызстандыктардын эдинбургдук коомунун лидери, Улуу Британия, «Waitroseand Partners» компаниясынын кызматкери;
|
Жантаев Эрбол Тургунович | – | Филадельфия шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы, АКШ, Пенсильвания штаты;
|
Улан Азимбаев | – | Чикаго шаарындагы кыргыз маданий борборунун директору, АКШ, Иллинойс штаты;
|
Казыбаева Мира | – | »Kyrgyzstanis in Canada» коомчулугунун негиздөөчүсү, Канада, Торонто шаары; |
Керимбекова Атыркуль Сардарбековна | – | »Kirghizistan unito in Sardena» кыргызстандыктардын коомчулугунун өкүлү, Италия, Кальяри шаары;
|
Мыйтанова Жанара Борончуевна | – | Фейсбуктагы «БАЭ жаштар демилгеси тобу» социалдык топтун администратору, «Silk Road Holidays Homes Rental LLC» компаниясынын тең ээси; |
Суранчиева Малика Токторбековна | – | Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлү; |
Акималиева Айгуль Акималиевна | – | Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын лидери. |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө
ЖОБО
Кеңештин аткаруу органынын функциясын миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
— Кыргыз Республикасынын Президенти, мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча аткаруу органы тарабынан сунушталган жетекчи деңгээлиндеги аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү;
— өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү;
— чет өлкөдөгү мекендештердин өкүлдөрү:
Жүктөлгөн функцияларды ишке ашыруу үчүн Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
— Кеңештин милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин өзүнүн жыйналыштарында угууга;
— эксперттик баалоону жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди, анын ичинде чет элдик эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
— тиешелүү сунуштамаларды жана сунуштарды кабыл алууга жана аларды мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана Кеңештин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суратууга.
— Кеңештин жыйналышынын күн тартибин түзүүгө катышууга жана сунуштарды берүүгө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган интеллектуалдык, материалдык, финансылык жана башка ресурстарды тартууга.
Кеңештин жыйналышы зарылдыгына жараша, бирок жылына кеминде бир жолу өткөрүлөт.