Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков: Жарандык коомдун үнү парламент аркылуу жаӊырып турат, бизде жаап-жашырылган, парламентке белгисиз болгон маселелер жок

«Жарандык коомдун үнү парламент аркылуу жаӊырып турат, бизде жаап-жашырылган, парламентке белгисиз болгон маселелер жок», — деп белгиледи Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-декабрда кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышып жатып.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү төмөндө толугу менен берилет:

«Урматтуу Дастанбек Артисбекович!

Урматтуу фракциялардын лидерлери!

Урматтуу парламенттин мурунку жана азыркы депутаттары!

Айымдар жана мырзалар!

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети өз ишин баштаган 1938-жылдан бери, 80 жыл ичинде, кыргыз парламенти даӊктуу жолду басып өттү. Ошондон бери ар дайым элдин өкүлү, элдин жүзү, элдин үнү болуп келди.

Жогорку Советтин, кийин Жогорку Кеӊештин бардык чакырылыштарында элибиздин татыктуу жана урматтуу уул-кыздары депутат болушту. Өлкөбүздүн калыптанышындагы алардын тарыхый ордун канааттануу менен белгилейбиз.

Кыргыз парламентинин өнүгүүсүнө татыктуу салым кошуп, элдин урмат-сыйына татыган төрагалар болду.

Иманалы Айдарбековдун, Абдыкадыр Орозбековдун, Төрөбай Кулатовдун, Асаналы Толубаевдин, Молдогазы Токобаевдин, Султан Ибраимовдун, Арстанбек Дуйшеевдин, Темирбек Кошоевдин, Абсамат Масалиевдин ысымдарын алардын элесине таазим этүү менен эскеребиз.

Кыргыз Республикасынын баатыры, Социалисттик эмгектин эки жолку батыры, урматтуу Таштанбек Акматов аксакалдын амандыгын тилейбиз.

Мамлекеттик көз карандысыздык декларациясын кабыл алган, мамлекеттин символдорун бекиткен, эркин мамлекетибиздин биринчи Конституциясын кабыл алган „легендардуу парламенттин“ депутаттарына жана анын төрагасы Медеткан Шеримкуловго тереӊ ыраазылык билдиребиз.

Эгемендүү Кыргызстандын биринчи парламентинин эки палатасынын төрагалары Мукар Чолпонбаевдин жана Алмамбет Матубраимовдун парламентаризмди өнүктүрүүдөгү чоӊ салымдары элибизге белгилүү.

Жогорку Кеӊештин баардык чакырылыштардагы депутаттарын жана төрагаларын кыргыз парламентинин 80 жылдык бүгүнкү мааракеси менен кызуу куттуктаймын.

Бүгүнкү конференцияда парламенттин тарыхы тууралуу депутаттардын жана окумуштуулардын баяндамалары болот. Ошондуктан мен тарыхка көп тереӊдеп кирбей, азыркы учурдагы курч маселелерге жана келечектин талаптарына кайрылууну туура көрдүм.

Бүгүн Кыргызстан — парламенттик демократиянын жолун тандаган республика.

Эл аралык аренада өлкөбүздүн „демократиянын аралы“ катары таанылышына, биринчи кезекте, парламент эмгек сиӊирди.

Азыр коомдогу баардык курч маселелер, элдин көйгөйлөрү, айрым көмүскөдө калган суроолор парламенттин трибунасында көтөрүлүп, коомчулуктун көңүлүн буруп келет.

Оппозициянын жана жарандык коомдун үнү парламент аркылуу жаӊырып турат. Бизде жаап-жашырылган, парламентке белгисиз болгон маселелер жок десек болот. Биз — ачык коомбуз, баардык нерсе айтылат, баардык иштер элге жетет.

Бийлик бутактарынын ачык-айкын иштешине, мамлекеттик чечимдердин элге жеткиликтүү болушуна, албетте, парламент зор салым кошту.

Парламент өзүнүн негизги функцияларын — өкүлчүлүк кылуу, мыйзам чыгаруу, көзөмөл жүргүзүү — үчөөнү теӊ ийгиликтүү аткарып келе жатат.

Акыркы чакырылыштар биздин парламент үчүн жаӊы типтеги ишмердикти — партиялык фракциялардын функцияларын татыктуу өздөштүрдү.

Ошону менен катар Жогорку Кеӊештин дарегине коомчулук тарабынан айтылган абдан курч сын пикирлер болду. Ачык коомдун парламенти өз ишин жакшыртуу үчүн сын пикирлерге дайыма ачык болуш керек. Өнүгүп келе жаткан демократия үчүн бул — табигый көрүнүш.

Урматтуу конференциянын катышуучулары!

Акыркы мезгилде бир топ саясатчылар жана жарандык коом тарабынан үч маселе көтөрүлүп жатат.

Биринчиси — Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси.

Экинчиси — шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу.

Үчүнчүсү — элдик курултай жөнүндө.

Мисалы, бир ай мурда Бишкек шаарында болуп өткөн коомдук, саясий күчтөрдүн курултайынын мага жөнөткөн резолюциясында конституция жана курултай жөнүндө эки сунуш камтылган.

Шайлоо маселеси коомубузда, ар кайсы деӊгээлде талкууланып жатат. Ошол себептен бул маселелер тууралуу өзүмдүн ой-пикиримди билдирүүнү туура көрдүм.

Урматтуу мекендештерим!

Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз кылганда төмөнкү жагдайларды унутпасак.

Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында абдан узакка созулган талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Бирок, ага карабай, бүгүнкү күнгө чейин, жыйырма беш жылдын ичинде, Баш мыйзамыбызга он жолу өзгөртүүлөр киргизилген.

Ал эми 2010-жылы референдум аркылуу Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн деп элибиз добуш берген. Элдин ошол чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди.

Ошондуктан, 2010-жылдагы окуяларды эстеп, элдин эркин сыйлап, Баш мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм.

Эми чындыгын айтканда кеп Конституцияда эмес, кеп мыйзамды сыйлаган же аны бузган адамдарда болуп жатпайбы.

Биздин өнүгүүбүз үчүн азыркы Конституциялык мейкиндик деле жетиштүү деп айтсак болот.

Анын үстүнө азыркы Конституциянын алкагында эле чечиле турган абдан актуалдуу маселелер жана мамлекетибиз үчүн керектүү реформалар бар.

Бул маселелерди тез арада чечүү керек. Ал эми Конституциялык өзгөртүүлөр бир топ убакытты талап кылат.

Ыкчамдыкты талап кылган маанилүү иштердин мисалы катары төмөндөгүлөрдү белгилеп кетсек болот.

Азыр өтө кечиктирилгис көйгөй катары мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүнү, бизнеске жакшы шарт түзүп, түз инвестицияларды көбөйтүүнү атасам болот.

Ошол эле коррупция менен күрөшүү — конституциялык өзгөртүүлөрдү күтүп олтурбайт.

Аймактарды өнүктүрүү, административдик-территориялык реформа — азыркы Конституциянын алкагындагы мыйзамдарга муктаж.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү ушул эле конституциялык мейкиндикте ыкчам иштөөнү талап кылат.

Башка өлкөлөрдөн артта калбаш үчүн санариптик трансформацияны алдыга жылдыруу жана мамлекетибизге инновациялык технологияларды тартуу талап кылынат.

Ошондуктан азыркы Жогорку Кеңеш мезгил талап кылган реформаларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алуусу керек.

Азыр конституциялык реформага кирип кетсек, жогорудагы реформалардын баары арткы планга өтүп кетет.

Конституциялык кеӊешти чакырып, тийиштүү нормаларды өзгөртүп, аларды талкуулап, кабыл алуу үчүн бир жылга жакын убакыт коротобуз.

Азыр бизде анчалык убакыт жок. Кийинки шайлоолорду даярдоого үлгүрбөй калабыз.

Конституциянын өзгөртүүгө зарыл болгон нормаларын олуттуу карап, шашпай чечим чыгарууга 2020-жылдагы шайлоолордун жыйынтыгы менен келе турган Жогорку Кеңештин толук укугу жана жетиштүү убактысы болот.

Экинчи, келерки парламенттик шайлоолорго тиешелүү мыйзамдарды кечиктирбей, парламенттин жайкы каникулуна чейин кабыл алуу зарыл.

Шайлоо мыйзамдарын жана саясий партиялар боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү — азыркы учурдагы эӊ актуалдуу жана кечиктирилбей чечиле турган маселе.

Биз биометрикалык технологияларды колдонуу менен ар бир шайлоочунун добушу так эсептелип, добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоодон арылдык.

Бирок, шайлоо процессин толук бойдон кемчиликсиз өткөрүүгө даярбыз дегенден алысмын.

Мисалы, добушту сатып алуу, партиялык тизменин сапаты жана туруктуулугу, шайлоо фондунун өлчөмү сыяктуу маселелерди чечиш керек.

Шайлоочулардын тизмесин тактоо функциясын Мамлекеттик каттоо кызматы эмес, логикага ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аткарышы керек.

Ушул сыяктуу маселелерди мыйзам жолу менен тактап, баардык шайлоо эрежелерин мыйзам менен бекитип, партияларга, шайлоочуларга белгилүү кылуу зарыл.

Абдан маанилүү нерсе — шайлоо эрежелеринин баары теӊ шайлоого бир жыл калганга чейин аныкталып, андан кийин шайлоо жөнүндө мыйзамдарга оңдоолорду киргизүүгө болбойт.

Партиялар так аныкталган, алдын ала белгилүү болгон мыйзам нормалары менен шайлоого барышы зарыл. Бул боюнча тиешелүү мыйзамдык чектөөнү коюу керек.

Кыргызстанда партиялык системаны өнүктүрүү абзел. Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам эскирди. Азыр турмуш реалдуулугу башка. Бул мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгып, кабыл алуу муктаждыгы турат.

Азыркы учурда шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн 2018-2020-жылдардагы стратегиясы бекитилди.

Стратегиянын алкагында шайлоо жана саясий партиялар боюнча тиешелүү мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталган.

Дагы бир маанилүү маселе. Сот-укуктук реформасынын алкагында ишке кирчү кодекстердин айрым беренелерин Конституцияга ылайык келтирүү зарылдыгы бар.

Бул кезексиз карала турган мыйзам долбоорлору. Ал Өкмөт тарабынан сунушталат. Муну да кечиктирбей кароо зарыл, урматтуу депутаттар.

Үчүнчү, курултай жөнүндө. Курултай деген өзү, мааниси боюнча — бүгүнкү Жогорку Кеңеш.

Ошол эле убакта Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу.

Башкы мыйзамыбыздын 52–беренесине ылайык элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталышы керек.

Тиешелүү мыйзам бүгүнкү күнгө чейин кабыл алына элек. Биздин өлкөдө боло турган иштердин баары теӊ мыйзамдын чегинде болуусу зарыл. Ошондуктан курултай жөнүндө мыйзам кабыл алуу керек.

Мыйзамдын долбоорун даярдоо үчүн бардык кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүү — туура болот.

Бул маселени тереӊ ойлонуп, бардык механизмдерин мыйзам аркылуу тактап, олуттуу бир чечим кабыл алуу зарыл.

Урматтуу мекендештерим!

Бардыгыныздарга маалым болгондой, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынды.

Аны иштеп чыгууга жана талкуулоого коомубуздун баардык катмарларынын өкүлдөрү тартылган.

Талкуу учурунда өзгөчө Жогорку Кеӊештин депутаттары активдүү болгонун белгилеп кетүү зарыл.

Ал эми документти кабыл алууга бийликтин баардык бутактарынын жетекчилери жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

Стратегиянын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу үчүн тиешелүү мыйзамдык базаны түзүү керек. Бул багытта ушул чакырылыштын депутаттары активдүү иштеп берет деп үмүттөнөм.

Сөзүмдүн аягында баарыңыздарды дагы бир жолу парламенттин 80 жылдык мааракеси менен куттуктайм!».

 

2018-жыл 21-декабрь