Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өлкөнүн бардык областтарынан келген балдар үчүн Жаңы жылдык балаты өтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эртең, 26-декабрда Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын өтүүчү салттуу Жаңы жылдык балатыга катышат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өткөрүлгөн Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

2018-жыл 25-декабрь