Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков көп адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген цунамиге байланыштуу Индонезиянын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков көп адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунамиге байланыштуу Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты.
«Көп сандаган адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген, Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунами жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу менен бардык жабыр тарткандардын тез айыгып кетүүсүн каалайм», - деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

2018-жыл 25-декабрь