Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президентин жана жалпы түркмөн элин келе жаткан 2019- жаңы жыл менен куттуктады.

Мамлекет башчылары ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча 2019-жылга карата биргелешкен пландарды аныкташты.

2018-жыл 27-декабрь