Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков  Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбая Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрында,  Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Казакстан Президентин жана боордош Казакстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктап, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалады.

Мамлекеттердин башчылары быйыл кыргыз-казак кызматташтыгынын динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилешти.

2018-жыл 28-декабрь