Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент жарандардын кайрылуулары менен ишти күчөтүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарандардын кайрылуулары менен иш жүргүзүүнүн жакшыртуу жөнүндө тапшырмасына ылайык, Президенттик Аппараттын кызматкерлери жума сайын жарандарды кабыл алып, алардын арыздарын терең изилдөө боюнча иш жүргүзүп жатышат.

Тактап айтсак, акыркы кезде  Я. М. Халитов, Б. М. Джафаров, Т. Н. Ильясова, Н. И. Семина, А. М. Тимонов, И. Н. Красикова, Л. В. Павлова, К. Т. Джусупова, М. В. Чинцова, С. Н. Муратов бир нече ирет кабыл алынып, алардын арыздары терең изилденип каралды.

Жарандардын арыздары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчилеринин жана тиешелүү бөлүм башчыларынын, Башкы прокуратуранын, анын тиешелүү башкармалыктарынын, мамлекеттик бийликтин башка органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен каралды.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, анын тиешелүү башкармалыктарынын жана территориалдык бөлүмдөрүнүн жана мамлекеттик бийликтин башка органдарынын жетекчилери  тарабынан жер-жерлерде жарандарды атайын кабыл алуулар уюштурулду.

Бул кабыл алуулардын жүрүшүндө жарандар  өз көйгөлөрүн айтышып, аларга тиешелүү жооп алышты, арыздары боюнча бул же тигил багытта ишти күчөтүү зарылдыгы боюнча өз жүйөлөрүн келтирип, ага тиешелүү түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлери жарандарды жеке кабыл алуунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекттик органдар менен өз ара кызматташып, айрым жарандарга тиешелүү документтерди даярдоого мүмкүн болгон  юридикалык акысыз кызмат көрсөтүүгө көмөктөшүштү.

Жогоруда көрсөтүлгөн кайрылуулардын көпчүлүгү боюнча укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарынын, ошондой эле Жогорку соттун тиешелүү чечимдери чыккан, алардын  негиздүү экендигин текшерүү Кылмыш-процесстик жана Жарандык процесстик кодекс тарабынан белгиленген өзгөчө тартип боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан гана жүргүзүлөт.

Айрым учурларда жарандардын талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына негизделбейт, анткени алар  соттордун ишине жана тергөөчүнүн, прокурордун ишмердигине, ошондой эле башка  тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигине түздөн-түз кийлигишүүгө багытталган.

Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кызматкерлери ар жума сайын  Бишкек шаары, Чүй проспекти 207 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Коомдук кабылдамасы аркылуу жарандарды кабыл алат.

2018-жыл 18-декабрь