Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан 2019-жылдын 16-январында кабыл алынган.
Мыйзам өз ченемдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келтирүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө укуктук мамилелерди жөнгө салган карама-каршылыктарды четтетүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.