Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбеков Аксы районундагы Боспиек айылында Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингине катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты.

Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү  өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө «Аксы окуялары адамдардын аң-сезиминде улуу бурулуш жасап, өлкөдөгү жаңы өзгөрүүлөргө жол ачты. Адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы жалпы элдик күрөштүн башаты болуп калды. Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!», — деп баса белгиледи.

2019-жыл 17-март