Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков менен ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республиасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий визитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун жана ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн соң Кыргызстандын Президенти Ардактуу коноктордун китебине Германия элине эң жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырды. Расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруудан кийин, Мамлекеттер башчылары аскердик салтанатты көрүштү, эки өлкөнүн гимндери жаңырды, Бундесвердин ардактуу кароолун кыдырып чыгышты.

Салтанаттуу азем аяктаган соң Мамлекеттер башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бет алышты.

2019-жыл 16-апрель Берлин