Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын жана Өзбекстандын Президенттерине жол кырсыгынан адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Алматы-Ташкент автожолунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
«Адам курмандыктарына алып келген Казакстан Республикасынын Алматы-Ташкент автожолунда болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакайып кетүүнү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

2019-жыл 21-апрель