Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган.
Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” мыйзамын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан, ошондой эле мыйзамдын жарандардын куралды жана ок-дарыларды төлөөсүз жана төлөө түрүндө тапшыруусун жөнгө салуу бөлүгүндөгү кенемтелерди толтурууга багытталган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.