Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган.
«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодексинин, Жазык-процесстик кодексинин, Жазык-аткаруу кодексинин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына дал келтирүү үчүн Мыйзам аркылуу өзгөртүүлөр киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.