Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган.

Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар (мындан ары — ЭЭЗ) жөнүндө Мыйзамды жакшыртуу жана анын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасындагы ЭЭЗ салык режими боюнча салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр менен шайкеш келтирүү.

Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2019-жыл 13-май