Омандын Султаны Кабус бен Саид Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.
«Сизге Эйд Аль-Фитр майрамынын урматына арналган чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду жолдоо бизге чоң кубаныч алып келет. Сизге бакыт жана бакубатчылык, ал эми меймандос Кыргызстан элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.