Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бишкекте 14-июнда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны өтүп жатат жана  Индия Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот

Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамдарда өтөт, жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Ошондой эле бүгүн, 14-июнда күндүн экинчи жарымында  Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына расмий визити болот.  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуулар тар жана кеңири курамдарда өтөт. 

Мындан тышкары, Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына расмий визитинин алкагында кыргыз-индия бизнес-форуму болот.

2019-жыл 14-июнь