Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Индия Премьер-министри Нарендра Модинин расмий жолугушуу аземи болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга расмий визит менен келген Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий жолугушуу аземи бүгүн, 14-июнда болду.

“Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында, чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Индиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Индия Премьер-министри Нарендра Моди Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков жана Нарендра Моди тар курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Сооронбай Жээнбеков менен Нарендра Модинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

2019-жыл 14-июнь