Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Президент Эмомали Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюндагы райондорунун жашоочулары менен биргелешкен жолугушуу өткөрүштү

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 26-июлда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндөгү жана Исфара шаарындагы Ворух айылдык кеңешинин Тожикон айылындагы кыргыз-тажик чек ара тилекесинин кесилишинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюндагы райондорунун  жашоочулары менен биргелешкен жолугушуу өткөрүштү. Эки мамлекеттердин башчылары расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда эки мамлекеттер башчылары элдердин ортосундагы тынчтыкты жана ынтымакты, кылымдардан берки достукту сактоо маанилүү экенин белгилешти, тараптардын чек арадагы бардык кыйынчылыктарды четтетүү боюнча чараларжды көрүүгө даяр экендигин  белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Тажикстан менен боордош достук мамилелерди Кыргызстан эли жогору баалай турганын белгиледи.

 «Чек ара боюндагы райондордо биздин элдердин жашоо шарттарын жакшы билебиз. Бардык чечилбеген маселелерди билебиз жана жергиликтүү эл кыйынчылык тартпоосу үчүн бардыгын жасайбыз. Биз биргеликте бардык маселелерди чечүүгө аракеттенебиз. Биздин чек аралардын тынчтыктын, достуктун жана ынак кошуналыктын дарбазасы болуусун каалайбыз. Чечилбей турган көйгөй жок деп эсептейбиз», - деп баса белгиледи  Сооронбай Жээнбеков. Ал чек араны делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнү сунуштады.

Андан соң Мамлекеттер башчылары сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн  Тажикстан Республикасынын Исфара шаарына багыт алышты.

Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо маселесин талкуулашат.

Эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 27-июлда Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантылат.

2019-жыл 26-июль