Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Германия Федеративдүү Республикасынын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргызстан менен Германия ортосундагы достук мамилелер өткөн жылдары туруктуу өнүгүүдө. Үстүбүздөгү жылы Сиздин Берлинге визитиңиз учурундагы биздин ачык жана ишенимдүү жолугушууну чоң канааттануу менен эстейм. Кыргызстан өзүнүн парламенттик демократияны өнүктүрүү жолунда Германиянын колдоосуна ишенсе болот», — деп белгиленет телеграммада.

Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Президент Сооронбай Жээнбековго бардык жакшылыктарды, Кыргызстандын элине — эркиндик жана бакубатчылык шартындагы тынчтыкты каалады.

2019-жыл 31-август