Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Индиянын Президенти Рам Натх Ковинд Президент Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковинд Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Индия жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамилелер жылуулук жана эркиндик менен мүнөздөлөт. Биз жалпы тарыхый байланыштарга негизделген жалпы демократиялык баалуулуктарды жана өз ара мамилелерди тең бөлүшөбүз. Биздин ШКУ жана башка көп тараптуу форматтардагы уланып жаткан кызматташуубуз сиздердин аймактагы кызматташууну алдыга жылдырууга көмөктөшөт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 31-август