Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Венгрия Президенти Янош Адер Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Венгрия Президенти Янош Адер Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын улуттук майрамына байланыштуу Сизге жана Сиздин мамлекеттин бардык жарандарына чын дилимден куттуктоолорумду жана эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Кыргыз Республикасы биздин Борбор Азия регионундагы маанилүү өнөктөшүбүз болуп саналат. Венгер тараптан биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө ар дайым даярбыз жана ушуга байланыштуу Түрк Кеңешинин Өкүлчүлүгүнүн Будапешт кеңсесинин ачылышына чоң үмүт артабыз.

Сиздин жооптуу ишиңизге албан ийгиликтерди жана бекем ден соолук, ал эми дос кыргыз элине — тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

2019-жыл 31-август