Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын Президенти Ариф Алвиге Пенджаб провинциясындагы поезддеги жардыруудан курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алвиге Пенджаб провинциясындагы поезддеги жардыруудан курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Пакистандын Пенджаб провинциясында поезддеги жардыруудан улам көп адамдардын курман болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун жакындары жана туугандарына көңүл айтам жана жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

2019-жыл 31-октябрь