Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев: ЖККУ саммитин өткөрүү менен Кыргызстан Уюмга төрагалык мезгилин жыйынтыктайт

«2019-жылдын 28-ноябрында ЖККУ саммитин өткөрүү менен Кыргызстан Уюмдагы төрагалык мезгилин жыйынтыктайт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарындагы маалымат жыйынында.

Ал белгилегендей, Кыргызстандын ЖККУга төрагалык мезгилинде коопсуздук маселелери, заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүү, кризистик кырдаалдарды алдын алуу/жөнгө салуу боюнча ЖККУ дараметин бекемдөө, ЖККУнун Жамааттык күчтөрүнүн даярдыгын жана колдонуусун өздөштүррүү, аскердик-экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү жана башка маселелер артыкчылыктуу болду.

«Заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды анализдөө менен ЖККУда туруксуздуктун негизги очогу Афганистанда калып жатканы тууралуу бирдиктүү пикир калыптанды. Эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнөн келип чыккан коркунучтар сакталууда. Согушчандардын ЖККУ жоопкерчилигиндеги аймактарга жакын топтолушу регионалдык коопсуздукка шек келтирген иштерди жүргүзүү коркунучу жана биздин өлкөлөрдө кризистик кырдаалдын пайда болуу коркунучун жаратат. Уюмдун форматында ЖККУнун мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары жогорулатуу жана бекемдөө боюнча тыгыз координация жана өз ара макулдашылган чечимдерди издөө, учурдун чакырыктарына жана коркунучтарына каршы туруштук берүү боюнча иш-чаралар пландалып, ишке ашырылууда, тажик-афган чек арасындагы чыңалууну азайтуу боюнча кадамдар жасалууда. Кризистик кырдаалдарга өз убагында жооп берүү максатында ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосунда маалыматтарды туруктуу жана ыкчам алмашуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат», — деп баса белгиледи Дамир Сагынбаев.

Ал мамлекеттин коопсуздугуна коркунучтарга каршы турууга даярдыктарды күчөтүү, башкаруу органдарын, күчтөрдү жана каражаттарды, жер-жерлердеги мамлекеттик бийлик органдарын даярдоо максатында үстүбүздөгү жылы бир катар терроризмге каршы машыгуулар өткөрүлдү:

— «Коопсуздук-2019» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялоо боюнча машыгуу;

— Башкы штабдын ыкчам тобунун, Чек ара кызматынын, ИИМ, ӨКМ жана УКМК башкаруу органдары жана аскерлеринин, бөлүктөрүнүн катышуусундагы «Сары-Таш-2019» биргелешкен атайын тактикалык машыгуусу;

— «Борбор-2019» Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын ыкчам тобунун жана Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун катышуусундагы машыгуу;

— КСОР ЖККУ «Гром-2019» атайын күчтөрдүн машыгуусу.

Кыргызстандын ыкчам топтору жана аскер контингенттери ЖККУ алкагында «Өз ара аракеттенүү-2019», «Бузулгус боордоштук-2019», «Издөө-2019», «Аскердик боордоштук-2019», «Эшелон-2019» машыгууларына катышышты.

Бүгүнкү күндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосунда туруктуу жана ыкчам маалымат алмашууну орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, ЖККУ Кризистик борборун укуктук жактан каттоо, анын күнүгө иштөөсүнө өтүү, ЖККУнун ыкчам жооп кылуучу Жамааттык күчтөрүн мындан ары карай өнүктүрүүгө багытталган укуктук-ченемдик жана практикалык элементтер иштелип чыгууда.

ЖККУ ишмердүүлүгүн маалыматтык системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, жалпы антитеррористтик мейкиндикти түзүү, анын ичинде Уюмдун форматында террористтик деп таанылган уюмдардын бирдиктүү тизмесин түзүү иш-чаралары турмушка ашырылууда.

2019-жыл 25-ноябрь