Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедовду жана Түркмөнстан элин кирип келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктады.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулашты жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

2019-жыл 30-декабрь