Бүгүн, 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сооронбай Жээнбеков Президент Эмомали Рахмонду жана Тажикстан элин келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктады, тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүү каалады.
Мамлекет башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын олуттуу маселелерин талкуулашты, келечекке карата, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча процессти ылдамдатуу боюнча, ачык-айкын пландарды белгилешти.