Италиянын Президенти Серджо Маттарелла Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады.
«Жаңы жылдын келиши Сизге жана Сиздин өлкөңүзгө куттуктоо жолдоо үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат. Сиздерге тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм», — деп белгиленген Италиянын Президентинин телеграммасында.