Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин Аппаратында Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучулары менен жолугушушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында бүгүн, 2-мартта, Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өтүп жаткан Садыр Жапаровду колдогон митингдин катышуучулары менен жолугушуу болду.

Митингдин делегаттары менен Президенттин Аппаратынын Жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө митингчилердин талаптары угулуп, жарандардын кабыл алууларын кароонун тартиби жөнүндө мыйзамдар боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Митингдин резолюциясы келгенден кийин ал Президенттин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүндө карала тургандыгы белгиленди.

2020-жыл 2-март