Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жаратмандык жылдар

Китепте Кыргыз Республикасынын 2018–2019-жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалыматтар топтолгон.

Китепте келтирилген көрсөткүчтөр жана фактылар экономиканы реформалоо боюнча кийинки жылдары өлкөдө ишке ашырылып жаткан кайра куруулардын кеңири жайылганын даана тастыктап, миңдеген кыргызстандыктардын, жаратмандардын, эмгекчилердин талыкпаган эмгеги менен Кыргызстандын өнүгүү арышында, экономикасында, анын өндүрүштүк жана экспорттук дараметин өстүрүүдө, социалдык чөйрөдө азыноолак ийгиликтер жаралганын ачык күбөлөндүрүп турат.

Өлкөнүн өрүшүн өстүрүүгө жана элдин турмуш шартын жакшыртууга багытталган реформалар уланууда.

Жакынкы жылдарда биз эселенген жигердүүлүктү көрсөтүп, ишкерликти өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз, ишканалардын жана жаңы жумуш орундарынын санын арбытып, адамдардын кирешесинин көбөйүшүн камсыз кылышыбыз керек.

Жаратман эмгек, коомубузду келечекке шыктандыруу, өлкөдөгү биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо аркылуу көздөгөн максатыбызга сөзсүз жетебиз.

2020-жыл 19-март