Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Өткөн 2019-жыл кыргыз-кытай мамилелери үчүн жемиштүү жыл болуп калды. Биз Сиздер менен эки ирет жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү боюнча маселелердин кеңири чөйрөсү жана „Бир алкак — бир жол“ демилгесин биргелешип ишке ашыруу боюнча келишимдерге жетиштик. Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Кытай коронавирустун жаңы тибинен улам чыккан пневмония эпидемиясы менен күрөшүүдө кыргыз-кытай мамилесинин жогорку деңгээлин күбөлөндүргөн тыгыз координацияны карманып, бири-бирин бекем колдоого алууда. Мен муну жогору баалайм», — деп айтылат КЭР Төрагасынын куттуктоосунда.

Си Цзиньпин эки өлкө элдеринин жыргалчылыгына жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кыргыз-кытай мамилелерин жаңы деңгээлге үзгүлтүксүз алып чыгууда биргеликте күч-аракеттерди көрүүгө даярдыгын билдирген.

 

2020-жыл 21-март