Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Азербайжан Президенти Ильхам Алиев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады

«Нооруз майрамына байланыштуу өзүмдүн жана азербайжан элинин атынан  Сизге жана Сиздин элиңизге эң жакшы каалоо- тилектерибизди кабыл алыңыз.

Табигатты ойготуп, ага жаңы көрк берип турган бул эң сонун майрам адамдарды жакшы иштерди жасоого үндөйт.

Бул жазгы майрам Нооруздун бай каада-салтын урматтап келген биздин элдерге жайдары көңүл, кубаныч жана берекелүү жашоо тартуулайт деп ишенемин», — деп айтылат Азербайжан Президентинин куттуктоосунда.

2020-жыл 21-март