Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Германиянын Канцлери Ангела Меркелди улуттук майрамы — Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Германиянын Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерди жана Германиянын Канцлери Ангела Меркелди улуттук майрамы — Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммаларында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы жана Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын көптөгөн тармактарында акыркы жылдарда олуттуу ийгиликтерге жетишилгенин белгиледи.  

Буга байланыштуу, ал эки мамлекеттин ортосундагы салттуу достук мамилелер мындан ары дагы Кыргызстан менен Германиянын саясий, экономикалык жана маданий мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга бекем негиз болуп бере тургандыгына ишенимин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Германиянын жетекчилигине бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги немис элине тынчтыкты жана гүлдөп-өсүүнү каалады.

2020-жыл 3-октябрь