Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Сооронбай Жээнбеков Корея Президенти Мун Чжэ Инди жана өлкө элин Корея Республикасынын негизделген күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инди жана өлкө элин Корея Республикасынын негизделген күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөр ортосунда чыныгы достук мамилелер орногонун жана акыркы жылдары кызматташтык туруктуу жана ыраттуу өнүгүп жатканын белгилөө мен үчүн жагымдуу.  Корея Республикасын Кыргыз Республикасына болгон дайымкы колдоосуна ыраазымын. Биргелешкен күч-аракет менен өз ара пайдалуу кызматташтык болоруна жана мындан ары Сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгөрүнө ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Мун Чжэ Инге ден соолук, бакыт, мамлекеттик жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги корей элине тынчтык жана бакубаттык каалады.

2020-жыл 3-октябрь