Кеңешбек Дуйшебаев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Дуйшебаев Кеңешбек Асанбекович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулду.