Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйынын өткөрөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрөт.

Маалымат жыйынына 86 республикалык жана чет өлкөлүк ЖМКдан 148 журналист катталды.

Маалымат жыйыны Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана башка республикалык телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

2020-жыл 12-ноябрь