Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Владимир Норов Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Келе жаткан 2021-жылда уюмдун 20 жылдык мааракеси белгиленет. Келе жаткан жыл эпидемиологиялык, саясий жана социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды биргелешип жеңүүнүн жана бул процессте кыргыз тараптын түздөн-түз катышуусу менен ШКУнун эл аралык кадыр-баркын мындан ары чыңдоо жагынан ийгиликтүү болот деп ишенем», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

2020-жыл 31-декабрь