Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

«Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 млн. сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн. сом суммасында белгиленди.

2021-жыл 4-январь