Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат.

Баткен облусунда Мамлекет башчысы «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Иш сапардын экинчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районуна барат.

2021-жыл 3-апрель