Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Ирак Президенти Бархам Салих Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Ирак Республикасынын Президенти Бархам Салих Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Ирак элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамы менен куттуктайм. Учурдан пайдаланып, эки элдин жана эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ар тараптуу кызматташууну улантууга даяр экенимди билдирем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бархам Салих Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми достук мамиледиги кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү каалады.

 

2021-жыл 20-июль