Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Бахрейн Падышасы Хамад бин Иса Аль-Халифа Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Бахрейн мамлекетинин Падышасы Хамад бин Иса Аль-Халифа Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, берекелүү Курман айт майрамыңыз менен куттуктоо мени кубандырат. Сизге чың ден соолук жана бактылуулук каалайм. Аллах Тааладан ушул күнү Сизге бардык жакшылыктарды, ал эми боордош Кыргызстан элине өнүгүп-өсүүнү сурайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

2021-жыл 20-июль