Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Иордания Падышасы Абдулла II Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Иордания Хашимат Падышалыгынын Падышасы Абдулла II Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Иордания Хашимат Падышалыгынын эли жана өкмөтү берекелүү Курман айт майрамына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорума кошулат.

Менин эң жакшы каалоолорум менен жеке урматтоомду кабыл алыңыз. Бир тууган кыргыз элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

2021-жыл 20-июль