Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Казакстан Республикасынын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу эң жакшы куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Бул жылдарда калктын бакубатчылыгын жогорулатуу жолунда саясий, экономикалык жана социалдык жактан жогорку натыйжаларга жетишилди. Сиздин жетекчилигиңиз астында өлкөнү модернизациялоо процесси улуттук идеяны чыңдоо менен катар эл аралык аренада беделин жогорулатууга багытталган күчтүү жана натыйжалуу мамлекетти түзүүгө карай динамикалуу өнүгүүнү улантууда. Мен Казакстан менен Кыргызстандын жалпы руханий баалуулуктарга жана ынак коңшулук, достук жана өз ара түшүнүшүү салттарына негизделип өнүгүп келе жаткан стратегиялык өнөктөштүгүнө кубанычтамын. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу мындан ары да өнүгөт деп ишенемин”, - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Нурсултан Назарбаева Садыр Жапаровго чың ден соолук, жооптуу кызматында ийгилик, боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

2021-жыл 31-август