Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн

камсыз кылуу, кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо жана жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен экономиканын көз карандылыгын төмөндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тапшырылат:

—       Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоодогу эки айлык керектөөнү жабууга резервди топтоону камтыган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү;

—       бул Жарлыкты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү.

2021-жыл 2-сентябрь