Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен  куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. 

«Сизди жана жалпы Түркмөнстан элин өзүмдүн жана жалпы кыргыз элинин атынан Түркмөнстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм. Кылымдарды карыткан тарыхы бар Түркмөнстан

30 жылдын ичинде өзүнүн ички жана тышкы саясатында чоӊ ийгиликтерге жетишип, учурда эл аралык коомчулукта татыктуу орунга ээ болду.

Дүйнө мамлекеттеринин арасынан эӊ алгач «Түбөлүк нейтралитет» макамына жетишкен өлкө катары Түркмөнстан чыныгы тынчтыктын жана ишенимдүүлүктүн мекенине айланды», - деп айтылат Мамлекет башчысы жолдогон куттуктоодо.

Садыр Жапаров эгемендүүлүк жылдар ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер бекемделип, эӊ бийик деӊгээлдеги ишенимдүү стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле, ал эки боордош элдин ортосундагы ынтымак жана жылуу мамилелер андан ары да чыңдала берерине ишеним артарын билдирди.

2021-жыл 27-сентябрь