Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Акылбек Жапаров КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы - КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Жапаров Акылбек Үсөнбекович  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.

2021-жыл 13-октябрь