Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктага кол койду.

Анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин үч Жарлыгы 1207 кишиге (820 - чоңдор жана 387 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Өлкөнүн жаңы жарандарынын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин дагы бир Жарлыгы – 53 кишиге Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө (45 – чоңдор жана 8 бала). 

Жалпы арыздар - 1260 адам  (865 - чоңдор жана 395 - балдар).

2021-жыл 19-октябрь